Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм 3 айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ал буга чейин дагы үйүнөн чыгып кеткен учур болгон

Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм Эржигит Алтынбек уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Ал ушул жылдын 20-августунда Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан өспүрүм буга чейин дагы үйүнөн чыгып кетип жүргөнүн кабарлады.

Эржигит Алтынбек уулунун бою 165-168 сантиметр, толук, чачтары кара. Ошол күнү ак түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким Эржигит Алтынбек уулу тууралуу маалымат билсе, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29, 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан