Турсунбек Акун: "Өз эрким менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгам. Бирок Жогорку Кеңеште эсимди жоготуп коюп, аны төрагага бере албай калдым”
“Мени кызматтан бошотордун алдында өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды даярдап келгем, бирок Жогорку Кеңеште эсимди жоготуп жыгылып, аны төрагага бере албай калдым”,- дейт бүгүн, 14-августта маалымат жыйында экс-акыйкатчы Турсунбек Акун. Айтымында, башкы прокурор Аида Салянова жана
УКМКнын жетекчиси Бусурманкул Табалдиев “мыйзамдагы ууру” Батукаевдин бошотулганына
байланыштуу кызматтарынан кетиши керек.“Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна мен күнөөлөнүп жатам. Эмнеге жалгыз мен гана жапа чегишим керек? Эгерде жогоруда аталган аткаминерлер
кызматтан кетишсе, мен да кетүүгө даярмын”,- деди ал.