1-октябрдан тартып “Кайыңды Кант” заводуна кант кызылчасын кабыл алуу башталат. Маалыматты заводдун директору Дүйшөн Матаев 14-августта билдирди. “Түшүм жыйноо алдын ала бекитилген пландын негизинде болот. Былтыр 2013-жылга карата эрежелерди кабыл алганбыз. Сатуу жана кабыл алуу боюнча маселелер жок”,- деди ал. Кызылчаны кабыл алуунун баалары райондорго жараша болорун, орточо эсеп менен 1 тоннасы 2900 сомду түзөрүн айтат Матаев.