Бүгүн, 14-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Каныбек Нарбаев курулуш секторундагы жагдай жөнүндө маалымат берди. Ал 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча 141 имараттын курулушу каржыланарын белгиледи. Алардын арасында мектептердин, саламаттык сактоо мекемелеринин, суу менен камсыз кылуу тутумдарынын, ошондой эле Нарын жана Чолпон-Ата шаарларындагы тазалоочу курулмалардын имараттары бар. 2013-жылдын аягына чейин өлкөдө капиталдык курулуштун 69 имараты пайдаланууга тапшырылары билдирилди. Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылга пландаштырылган бардык курулуш иштеринин өз учурунда бүткөрүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.