Оңолот деген ушул. "Тазалык" ишканасы футбол күйөрмандарына рахматын айтты

"Ак шумкарларды" колдоо үчүн келген футбол күйөрмандары эски аянттагы тазалыкты сактап, таштанды таштаган эмес. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирүү жасады.

"Футбол аяктагандан кийин эски аянт таптаза бойдон экен. Биздин кызматкерлер бир аз аймакты шыпырды. Таштанды дээрлик жок экен. Таштандыларды контейнерлерге салганыңыздарга чоң рахмат! Тазалык үчүн рахмат!" - деген басма сөз катчы.

14-ноябрда кыргыз футболунда тарыхый окуя болду. Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Азиянын 4 жолку чемпиону Япония менен Кыргыз өлкөсү беттешип, оюн 2:0 эсебинде аяктады.

Оюндун билеттери сатылып бүткөндүгүнө байланыштуу күйөрмандар үчүн эски аянтта чоң экрандан мелдешти түз алып берүү уюштурулган. Анда "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандылар үчүн контейнерлерди орнотсо Футбол федерациясы 20 биодаараткана орноткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
momun74
2019-11-15 09:57:46
Эн соонун Ма Ша Алла
+37
Dembele84
2019-11-15 10:36:31
Тузук,Япондорду коруп биздикилер да кичине ойлонгон бейм
+20
Nurgazy80
2019-11-15 11:42:14
Айланып кетсе болот ушул кыргыздан. Буйруса таза коом калыптанып келе жатат.
+16
Saidochka
2019-11-15 11:45:24
Ырахмат,куйормандарга
+11
katerina.li
2019-11-15 12:18:39
Болот экенго ушинтип таза кармасак айлана чойрону . Хан сезбей озубузду.
+11
bek.94
2019-11-15 13:26:32
Жакшы жаңылык сөз жок
+6
take.kg86
2019-11-15 15:03:34
Сен таза болсоң мен таза болсом коом да таза болот И. Масалиев
-7
shahlet
2019-11-15 15:45:43
take.kg86,эмнеге Масалиев
+1
murat17
2019-11-15 20:20:55
take.kg86,Масалиев эмес Раззаков
+1
murat17
2019-11-15 20:21:05
жакшы жанылык
0
Tyty1990
2019-11-15 20:40:16
Япондор түштө бизге үлгү болбогондо малдай болуп чачып кетмекпиз
+3
555-777
2019-11-15 23:26:04
Мааша Аллах, азаматсыңар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан