Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылы 253 медициналык уюм менен келишим түзгөн

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруу үчүн 253 медициналык уюм менен келишим түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште парламенттик угууда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган фонд 2019-жылы 232 мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму жана 21 жеке менчик медициналык кызмат көрсөтүүчү уюм менен келишим түзгөн. "253 медициналык кызмат көрсөтүүчү уюм иштейт. Анын ичинде: 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 юридикалык жактан өз алдынча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 29 жалпы дарыгерлердин тажрыйбалык борбору, 67 стационар, 2 медициналык жардам станциялары, 34 стоматологиялык бейтапкана, 10 базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы менен иштеген адистештирилген саламаттыкты сактоо уюму, 22 кургак учукка каршы уюм, 2 базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы боюнча иштеген, 2 мамлекеттик жана 3 жеке менчик саламаттыкты сактоо уюму, 18 жеке менчик гемодиализ борбору", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан