Социалдык тармакка Кочкор-Ата шаарында дарыгерди күтүп, ымыркайлары менен тепкичтерге кыркалекей тизилип отурган ата-энелер тууралуу маалымат сүрөтү менен тарады. Анда "21-кылым санариптештирүү жылы. Саат таңкы 4:45тен баштап кезек күтмөй. Кочкор-Ата шаарынын Балдар психоневрологиялык бөлүмүнөн бир көрүнүш. Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирип койгулачы, шарт түзүп койсун. Бетондо сызда 3-4 саат күтүп олтурган аялдарды көрүп, аялдар колониясы деп ойлойт экенсиң. Ооруп келгендер кайра суукта чала жан болуп кетет экен, отурганга орун жок. Сыртта машинада жылынып отургандар андан көп", - деп жазылган.