Кечээ, 14-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Караколдун борбордук аянтында бийиктиги 21 метр болгон балатынын каркасы коюлду.
"Караколдо шаарды жасалгалоо иштерине облустук "Тазалык" ишканасы жооп берет. Анын жетекчилиги Жаңы жылдык балаты 15-декабрга чейин даяр болушу керектигин билдирген. Ошого байланыштуу 14-ноябрдан баштап балатыны орнотуу иштери башталды. Жаңы жылга карата борбордук аянтты, анын ичинде балатыны жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом каралды", - деп билдиришти Каракол шаарынын мэриясынан.