Кочкор-Атадагы дарыгерге кезек күткөн ата-энелер. "Дарыгер иш графигин кайра карап чыгат", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинен

Социалдык тармакка тараган Кочкор-Ата шаарындагы Балдар психоневрологиялык борбордо болгон окуя тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата шаарындагы Балдар реабилитациялык борборунда иштеген врач-невролог А.С.Темирбаев Кочкор-Ата шаарынын мэриясы менен келишим түзүп, жеке кабинет ачып, балдарды кабыл алат. Бул окуядан соң реабилитациялык борбордун администрациясы дарыгер менен бейтаптарды кабыл алууда иш графигин кайра карап чыгуу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Бүгүн социалдык тармакка Кочкор-Ата шаарында дарыгерди күтүп, ымыркайлары менен тепкичтерге кыркалекей тизилип отурган ата-энелер тууралуу маалымат тарап, элдин нааразычылыгын туудурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rysik79
2019-11-15 18:20:10
Мындай кезек илибой ооруканда бар Кыргызстанда. Бул чекеси эле. Кайра карап чыгышат деп кесмени илип коюшат кулака боолду.
+4
KAYRATBEK
2019-11-15 18:24:13
Темирбаев Кочкор-атада ото копкон киши. Мерия конул бурушу керек. Тартипке салыш керек бул дарыгерди.
+6
bekos2012
2019-11-15 18:26:57
Жаңылык деле эмес го, илгертен эле ушундай. Бул врачка көрүнүш үчүн түндө барып кезекке турасың.
+6
murat17
2019-11-15 19:27:01
bekos2012,туура айтасын Кочкор ата эле эмес бардык жерде ошондой
+2
Nevestkaa
2019-11-15 19:28:51
Темирбаев айтылуу кыйын детский невропатолог качан караба жык жыйма адам болот эле тээ мен көргөн жылдары.Кудайым өзү сактасын ошол врачка баргылыктан.
+1
aibero
2019-11-15 21:43:56
Темирбаев больницага баргандан кудай сактасын
+1
Mital.89
2019-11-15 22:55:10
Бул киши каласа барат каласа барбайт экен.
+2
shahlet
2019-11-16 05:45:08
неврологго ишин тушпосун! оздорун корсотот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан