Өкмөттүн Нарындагы өкүлү селден жабыркаган каналды ишке киргизүү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен жардам сурады

“Нарын облусунда 2013-2014-жылдын күз-кышына карата даярдыктар өз деӊгээлинде жүрүп жатат”,- деп билдирди өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков бүгүн, 14-августта жыйын учурунда. Айтымында, мекемелер бири-бирине болгон карыздары менен гана жоюша албай жатышат. Учурда “Чыгыш электр” ишканасынын Соцфонддун алдында 49 000 карызы бар. Өкмөттүн облустагы өкүлү жакында эле Кочкор районунун айрым айылдарында сел жүрүп, өзгөчө кырдаалдар болуп өткөнүн айтып өттү. Ошондой эле кырсыктан зыян тарткан жерлерди оңдоп, селден улам жабыркаган каналдарды жакынкы арада толугу менен ишке киргизүү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен жардам сурады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан