Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгы талкууланды

Бүгүн, 16-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз-Тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.

Чек аранын жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2019-11-16 18:50:59
Чынгыз Айдарбеков жаш экендигине карабастан өтө курч мыкты кадр. Ал өлкөнүн тышкы саясатын өркүндөтүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Бул жолу да тажик кесиптеши менен чек аранын чечилишин тездетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мунун натыйжасы сөзсүз чыгат.
0
altyn-kumush
2019-11-16 18:58:42
Чек ара маселесине учурда гана чыныгы конул буруу болуп жатат. Буга чейин чукул кырдаал чыкканда эле аракет кылышчу, азыр болсо биротоло маселени чечуу иштери журуп жатат
0
souza.j
2019-11-16 19:09:23
Озбектер мененчи
0
Saiit
2019-11-17 00:56:40
Аракет Кылгыла элдер тажап кетти кыйналып оз жандарын тобокелге салып олтурат!! Таш-Тумшук Кок-Таш Ак-Сай Орто-Боз жана Лейлек райнондорурундагы айылдар!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан