Жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 21 миллиард 3 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул январь-октябрь айлары аралыгында сарпталган каражат. Анын ичинде мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 11 миллиард 914 миллион сом, мамлекеттик ички карыз боюнча – 9 миллиард 401 миллион сом.