Ош. Шаарда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары жана мектепке көтөрө турган баштык таратылууда

Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети шаардагы социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына мектепке керектүү окуу куралдарын жана баштык даярдашууда. Окуу куралдарынын арасында альбом, калем сап, күндөлүк, өчүргүч, дептер жана башкалар бар. “Демилге жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашууда. Бүгүнкү күнгө карата 10 балага аталган жардам берилди. Акция 25-августка чейин улантылат”,- дейт аталган комитеттин башкы адиси Медер Абдыманапов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан