1-августка карата өлкөнүн түштүк аймагында 125 000 тонналык көмүр кендери ачылды
“Кыргыз көмүр” ишканасы
2013-жылга карата 1,5 миллион тонна көмүр өндүрүүнү пландап жатат. Маалыматты
аталган ишкананын директорунун орун басары Нарынбек Сатыбалдиев 14-августта кышка карата даярдыкты талкуулаган
ӨКМдагы жыйында билдирди. "Кыргыз көмүр" ишканасы башка көмүр өндүрүүчү
ишканалар менен иштешип, өлкө аймактарына көмүр жеткирүүнү баштай турганын кошумчалады. “1-августка
карата өлкөнүн түштүк аймагында 125 000 тонна көмүрү бар кендер ачылды. Аймактарга
көмүр жеткирүү маселеси августтун аягына чейин чечилет”,-
дейт Сатыбалдиев.