Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Базар-Коргон айылындагы "Чолпон" бала бакчасына текшерүү жиберилди"

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурмандан "Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айылындагы "Чолпон" мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамагынан курттар чыкты" деген билдирүү келген.

Окурман балдардын ичкен тамагынан курттар чыгып жатканы кайталанып жаткан көрүнүш деп, ата-энелер бала бакчанын жетекчисинин жумуштан кетүүсүн талап кылып жатканын билдирген.

Ата-энелер көтөргөн маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан бала бакчага текшерүү жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айылында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамагынан курт чыкты деген маалыматты тактап жатабыз. Кечээ, 19-ноябрда ал жакка санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен текшерүү жөнөтүлгөн. Учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан