Жалал-Абаддагы окуучу кыздардын мушташынан кийин Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.М.Зиябекова Билим берүү жана илим министрлигинин 20-ноябрындагы буйругу менен "Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду.

18-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташуу катталган. Жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылындагы мектепте кыздар сай жээкке барып мушташканын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жөнөткөн.

Жалал-Абад ОИИБи: “Кыздардын мушташы боюнча “бейбаштык” менен кылмыш иши ачылды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
katerina.li
2019-11-21 09:48:20
Мугалим байкуштарды крайний кылып коет. Ата эне куноолу эмеспи,кыздар деле бой жетип калыптыр,уяяяят
+11
ulaAjidar
2019-11-21 10:01:34
Билим беруу министирдин орду керек эле болгонго шылтооо
+8
AksyKum
2019-11-21 10:04:43
Мугалим катту айтса чуркап бараберген ата энелерде куноо.Кызга кырк уйдон тыйуу
+12
aerforce
2019-11-21 10:27:42
Бул жерде ошол кыздардын ата энесинде чон күнөө
+8
Dembele84
2019-11-21 10:35:03
Жон жерден мугалим башчы иштен кетиптир,ал ошол кыздарды уйуно чейин узатып отурат беле ар бирин?Тарбиясы жок болсо мектептен чыкканда каалаганын кыла берет да кок мээлер
+8
JaneEr
2019-11-21 11:09:56
Кыздардын чачтарын бирден жулуш кк.Кочодо калыппы булар.
+8
elchi84
2019-11-21 11:36:24
Шылтоо менен ошол иш орду бир чоң го керек болгонго чамасы?
+7
Jelezo
2019-11-21 12:05:04
Кызматтан туура эмес бошотуптур. Райондун билим берүү башкармасы кайсыл кыз каяка барып мушташат деп аңдып жүрүш керекби
+7
talas0707
2019-11-21 16:12:49
Буга да дин, чубак ажы куноолу дебейсинерби. Европаны эрчисек аягы мынданда жаман болот.
0
NURGUI88
2019-11-21 20:58:08
Ар бир балага ата-эненин сөзү бүтпөсө мугалим кантип башкарат. Ата-энелер балдарына болушуп ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Мугалимдердин укугу жок. Депутаттар жада калса форма талап кылбагыла деп айтып жатышат ко.
+2
Shef87
2019-11-21 21:57:58
Мугалимдин денгеелин окуучусу көргөзөт
-2
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-22 01:43:07
Ата энелер талаада журсо баары Москва деп коюп же озу соо эмес же бала чакасы соо эмес ...
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-22 01:44:20
Эээхх Кыргыздар аман эле болойлучу...
0
tular
2019-11-22 01:46:29
Кызматкерди жеп жаткан нанынан ажыратпай, андан көрө ошол кыздарды милициянын учетуна коюш керек эле. Эми эртең да чогулуп мушташышса жаңы дайындалган кызматчыныда алганга туура келет. Каникул башталганча мушташышса анда силерге кадр токтобой калатго...
0
shahlet
2019-11-22 01:51:02
бул уруштун БББ жетекчисине эмне тиешеси бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан