Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында бүгүн жана алдыңкы 2 күн ичинде мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрдан 24-ноябрга чейинки жаан чачындуу аба ырайынан улам, ток өткөргөн электр чубалгыларына жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бүгүн, 21-ноябрда кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатып, катуу жамгыр жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын жүрүшүн жайлатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан