Бишкекте бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 1992-жылы туулган Т.У. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Айта кетсек, окуя 20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бычак менен тап берген жаранды кармоо учурунда Биринчи Май РИИБинин кызматкери колунан жаракат алган.