Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште республика боюнча ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы айтылды

Депутат Таабалды Тиллаев республика аймагында ажырашуулардын саны көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын 10 миңдеген ажырашуулар катталууда.

"Ажырашуулардын кесепетинен балдар эле жабыркап, турмуштун оор кырдаалдарына туш болууда. Алардын көбү мигранттардын балдары. Мындай кырдаалда мамлекет тарабынан балдардын кызыкчылыктарын коргоо багытында тиешелүү иш-чаралардын көрүлүүсү зарыл. 16 жашка келип калган өспүрүмдөр ата-энесинин тиешелүү арызынын жоктугунан паспорт ала албай келишет. Бул жагдайды чечүү керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан