Өткөн суткада Оштун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында жергиликтүү жашоочунун жыгачтан курулган бастырмасы өрттөнүп, 6 кой күйүп кетти. Бастырманын аянты 120 чарчы метрди түзүп, алгач анда жыйылып турган саман өрттөнгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.