Биз социалдык тармакта

Бишкекке жазда алынган автобустардын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу үчүн 5 миллион сомдой каражат каралды

Ушул жылдын жаз айларында Бишкекте эл ташуу үчүн алынган автобустарга жаңы дөңгөлөктөр салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын "Жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынан" билди. Буга чейин шаардын жашоочулары кар жааганда жаңы автобустар линияга чыкпай калды деп билдирген болчу.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Бишкекте кар жааган күнү автобустардын дөңгөлөктөрү биздин климатка ылайыктуу эмес экендиги билинген.

"Жаңы алынган автобустардын дөңгөлөктөрү кышка да, жазга да ылайыктуу деген белгилер коюлган. Чынында анын дөңгөлөктөрү бардык мезгилге ылайыкталып чыгарылган. Бирок биздин өлкөдө кыш айрым өлкөлөрдөгүдөй кургак эмес, нымдуу келет. Ошондон улам биринчи кар жааганда эле биз анын дөңгөлөктөрүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн алмаштыралы дедик. Бул үчүн 5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнүп, тендер жарыяланып, Беларуска буюртма берилди. Ушул тапта күтүп жатабыз, товар келери менен дөңгөлөктөрү алмашат. Ага чейин "Тазалык" муниципалдык кызматы менен сүйлөшкөнбүз, алар жолго кум чачып, линиялардагы коопсуздукту коргоого көмөк көрсөтүп берип жатышат.

Бул жерде кимдир бирөөнү күнөөлөө туура эмес, алар заводдон чыккан транспорттор. Биздин климаттын өзгөчөлүгүнөн гана ушундай жагдай жаралды. Ал эми биз коопсуздукту баарынан жогору коюп дөңгөлөктөрдү алмаштырабыз", - дешти "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан" адистер.

Ушул жылдын жаз айларында Бишкекке жаңы 60 автобус алынган. Ага 300 миллион сом каражат жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Absamat-90
2019-11-27 14:57:54
Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда туруусу керек. Откондо 18 автобусда мектеп окуучусу окуя ото кейиштуу болду.Колдон келсе мындай автобустарды кобойтуу керек. Анткени маршруткалар ото коп жана тыгынды пайда кылууда. Жаны конуштар Ак Орго Арча-Бешик Ак-Ордо сыяктуу калк коп жашаган конуштарга жургузуу керек.
+2
chake
2019-11-27 15:01:40
элдин коопсуздугу биринчи кезекте туруусу керек мен деле 20 000ге кышкы балон алдым эгер бирөөнүн машинесин түртүп койсоң же кудай сактасын аязда 20 000 ди 100 000 кылып төлөп каласын
-1
Jaznura
2019-11-27 15:03:26
Баарынан да калктын саламаттыгы маанилүү. Эски кантсе да эски да. Кудай жүзүн ары кылсын эгер кырсык болсо кеминде 50 киши жаракат алат.
-2
talas0707
2019-11-27 17:00:32
Алмаштырганы жакшы, бирок 1 донголокту канчадан алышты?
0
Mamiev
2019-11-27 17:09:31
Кызык бир колдонуучу колдоп койсо калганы кошо колдоп кетишет. Кытайдын автобустарын алып бир жылга жетпей эскирип калдырап калат. Чыгынып Россиянын автобустарын алса болбойбу. Анан дагы Бишкек баш аламан ар компания өздөрүнүн машруттук каттамдарын койо беришет. Машрутту азайтып автобустарды көбөйтүү керек
0
bond02
2019-11-27 20:54:49
Бизден суук Россияда деле автобустар бир эле донголок менен журот кышы жайы, элдин коопсуздугун ойлоп озунордун чонтогунорду толтуруп жатасынар. Донголоктун размерин анан канча штук аласынар жазгылачы, чогуу эсептейли.
0
Altyn2017
2019-11-27 21:02:45
Кызык ушул биздин бийлик прямой заводдон жаны алып атсанар завод деген зимний и летний дөнгөлөктордү бергенге обьязан болчу бирдемени алаарда бир аз маалымат карасанр аяк бияктан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан