Жыл башынан бери 145 миң 827 балага сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт 2018-жылдын 1-январынан тартып балага төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө “Балага сүйүнчү” берип баштаган. "Бир жолу берилүүчү төлөмдүн механизмин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнөкөйлөштүрүп, учурда жарандар 2-3 күндүн ичинде алышууда. "Балага сүйүнчү" алуу үчүн болгону эки документ керектелет: баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-эненин паспорту", - деп жазылат маалыматта.