Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак президенттери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты

Бүгүн, 27-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттер башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан президентине сүрөт белек кылды.

Касым-Жомарт Токаев Каалоолор китебине жазуу калтырды. Мамлекет башчылар Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан