Ош облусунун Кара-Суу районундагы М.Сабиров атындагы орто мектептин директору 10 миң сом пара алып жаткан жеринен
колго түшкөнүн Ош ШИИБи кабарлады. Директор 2 окуучуну мектепке кабыл алуу үчүн анын ата-энесинен аталган сумманы талап кылган. 14-августта Ош ШИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы
күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери директорду пара алып жаткан учурда тузакка илди. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.