Коомдук тартипти камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине ысык тамак берүү уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2019-жылдын 28-ноябрь күнү Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясы өтүүдө. Сессияны өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана ыкчам аракеттерди көрүү максатында күнү-түнү нөөмөт менен милициянын кайгуул кызматтары уюштурулду.
Коомдук тартипти төрт миң милиция кызматкери камсыздашууда жана кызматын сапаттуу өтөө үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыздалышты. Коомчулуктан кошумча суроо-сунуштар келип жаткандыгына байланыштуу, Ички иштер министрлиги кызматкерлер үчүн кошумча ысык тамак жана кезек-кезеги менен нөөмөттө туруу, ошондой эле жылынуу пункту уюштурулганын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 28-ноябрга карата Бишкек шаарында аба ырайынын температурасы -4 градусту түзүүдө.