Ушул жылдын 7 ай ичинде Социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандардан түшкөн 549 арызды караган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кайрылгандардын көпчүлүгүн же 42,4 пайызын Бишкек шаарынын жашоочулары түздү. Ал эми 19,1 пайызын чүйлүктөр, 9,8 пайызын Ысык-Көл облусунун тургундары, 8 пайызын оштуктар, 7,6 пайызын Нарын, 4,9 пайызын Жалал-Абад облусунун тургундары түзгөн. Баткен жана Талас облустарынан аз кайрылышкан. Кайрылуулардын 16,5 пайызы
жөлөк пул көйгөйүнө байланыштуу болгон.