Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Ноокат районундагы медициналык кароодон кийин 20 бейтап онкологиялык борборго жолдомо алды"

Ош облусунун Ноокат районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 19-22-ноябрь күндөрү Ноокат районундагы Исанов айыл өкмөтүнүн Жаркоргон, Алике айылдарынын, Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кызыл Аскер айылынын тургундары медициналык кароодон өтүштү.
"Мобилдик клиниканын адистери миңге жакын жаранды кабыл алды. Алсак, терапевт дарыгери 132 жаранды, анын ичинде 110 аял жана 22 эркек киши, акушер-гинеколог дарыгери 121 аялды, анын ичинде 16 кош бойлуулар, ошондой эле 132 жаран ультра үн менен изилдөөдөн өтүштү. Андан сырткары, 141 жаран ВИЧ/СПИД илдетине, 141 жыныстык жол менен жугуучу илдетке (ИППП), 142 жаран вирустук гепатит “В”, 142 жаран вирустук гепатит “С” га лабораториялык тестирлөөдөн өттү" , - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, медициналык кароонун жыйынтыгы менен 14 бейтап Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканага, 20 бейтап онкология борборуна, 27 адам аймактык, райондук ооруканага, 1 бейтап “Нике жана Үй-бүлөө” консультативдик поликлиникага жана 3 бейтап тери – венерологиялык диспансерге кошумча изилдөөлөргө жана дарыланууга жолдомо алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
555-777
2019-11-29 22:18:24
Анан?
-2
expert.007
2019-11-30 07:08:32
555-777,Анан банан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан