Азербайжан: Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин 15-августтагы жолугушуусу болбой калды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Азербайжандагы жолугушуусу бүгүн, 15-августта болбойт. Анткени Назарбаев Азербайжанга бүгүн келген жок. Эскерте кетсек, эки президент бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин алкагында жолугушмак. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн жолугушат. Маалым болгондой, саммиттин урматына Габала шаарындагы маданият борборунда чакан концерт тартууланат. Ал эми эртең, 16-августта аталган саммит өтүп, бир катар документтерге кол коюулар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан