15-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 245 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 144 миллион метр кубду түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 780 метр куб, суунун агып чыгышы 587 метр кубду түзүүдө. Былтыр 15-августта суунун агып кириши 401 метр куб, агып чыгышы 432 метр кубду түзгөн.