Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы институтунун өкүлү Фейсбуктагы БеспределKG баракчасынын УКМКнын СИЗОсундагы администратору менен жолукту

Кечээ, 29-ноябрда Акыйкатчы институтунун өкүлү Фесбуктагы БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробековдон кабар алуу үчүн УКМКнын СИЗОсуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин өкүлү Жоробековго жолуккан учурда анын жанында жактоочусу Тимур Султанов жана "Адилет" укуктук клиникасынын башчысынын орун басары Бектур Осмонбаев болгон. Акыйкатчы институтунун өкүлүнөн сырткары, Жоробеков менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү да жолугуп, сүйлөшүшкөн.

"Автандил Жоробеков андагы кармоо шарттарына жана тамак-ашка эч кандай нааразычылыгы жок экенин айткан. Убактылуу кармоочу жайга киргизгенде ага фельдшерлер кароо жүргүзүп, денесинде кыйноонун белгилери жок экенин аныкташкан. Акыйкатчынын атына оозеки жана жазуу түрүндө кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтканда, ал бул шарттан баш тартты. "Эч кандай доом жок, кайсы бир мекемелерге кайрылайын деген оюм жок" деди Жоробеков", - деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 24-ноябрында аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков экендиги белгилүү болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
chake
2019-11-30 11:33:36
эл бузар журт бузарлардын орду түрмөдө мындайларга жазаны катуу бериш керек
+1
elebes86
2019-11-30 11:52:15
chake,
Сооронбайын иттик кылып жатса итсин деп эле айтыш керек, анын бир жерин тырмап оокат кылбай. Азыр Сокенин бийлиги адамдын чынчыл, калыстыгына карап эмес, кошоматчылыгына карап иш кылып калыптыр. Адамдык сапатын тез алмаштырган кошоматчы коркок саясатчылар аман эле болсун. Кызмат дегенде Сокенин этегени жугунуп, чындыка коз жумуп коймой ар бир экинчи мамкызматкердин иши болуп калды.
+1
Alimbek1000
2019-11-30 12:21:45
АШАнын кошоматчыларын да камаш керек. Афтандил жакшы билет суракка алсаңар.
+2
Absamat-90
2019-11-30 11:37:00
Бала баланын ишши чала деген ушул. Ойлонбой туруп эмоцияга алдырып, ак караны ылгап элек кезде, эксперт боло калбай жөн эле жүрсө болмок.
+2
altyn-kumush
2019-11-30 11:42:57
Жоробеков буга чейинки суракта Атамбаевдин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевадан акча алып андан сырткары башка адамдар менен да контракт түзүп алардын заказына ылайык маалыматтарды өз баракчасына жүктөп турганын айткан.
0
elebes86
2019-11-30 11:46:23
Сооронбайдын заманы ит болду. Кошоматчылар жан сактамай, Сокенин кемчилигин айткандарды камап салмай. Эки жуздуу депутаттар, эки эмес, торт беш позицияны даярдап журушот турбайбы. Саясатта Сокени мактап, Атамбаевти жамандаган ролду аткаргандар майлуу кызматтарды ээлешти. Кээ бири элчи, кээ бири академияны башкарды. Кыскасы майлуу жерди ээлеш учун Сокенин бир жерин созсуз жалаш керек болуп калды.
-2
altyn-kumush
2019-11-30 12:35:48
elebes86,анан эмне Кыргызстан ушундай акмак тополоңчунун айынан бөлүнүп жарылып кетсинби?
0
Alimbek1000
2019-11-30 12:19:40
Трайбаистти камаш керек и все башка жолу жок!
0
erlan2196
2019-11-30 13:54:17
Саймаитини Матраимовтор заказ менен олтурткон. Мындай акмактарды Сооронбай актабай эле койсун. Эл баарын билип сезип турат. Соке актанбай эле кой.
0
Aimani
2019-11-30 17:02:58
Бийликке сын айтан үчүн камалды. Бул деген өлкөдө демократия өлдү дегенди түшүндүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан