Биз социалдык тармакта

Улуттук статистика комитети өлкөдө дем алуу органдарынын оорусу эң көп катталганын маалымдады

Улуттук статистика комитети өткөн 2018-жылга карата калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнө анализ жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган комитеттен маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы республикада калктан илдеттеринин 1 миллион 600 учуру аныкталса, анын 43 пайыздан ашууну балдар болгон. 2018-жылы калктын жалпы ооруларынын түзүмүндө дем алуу органдарынын оорулары жалпы оорулардын 37,5 пайызын түзгөн.

"8,1 пайыз - тамак сиңирүү органдарынын оорулары, 7,1 пайыз - жыныс системинин оорулары, 5,7 пайыз - жугуштуу жана мите оорулары, 5,7 пайыз - жаракаттар жана уулануулар, 3,4 пайыз - кан айлануу системинин оорулары болгон. Дем алуу органдарынын ооруларынын түзүмүндө 78 пайыз жогорку дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясына туура келди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-11-30 17:19:54
Аба булганып жатса ошондой болот да,обьему чон жиптарды айдаш керек машина менен мактангандардын айынан адамдар ооруп жатат.
+1
Sakubek
2019-11-30 17:55:26
Калп эле эптеп шылтоо кылып машиналардын налогун кобойтуш керек болуп атат. Оо канча жылдан бери эле Бишкек ушундай тутун болот кышта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан