Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Жаңы жылдык негизги балатыны орнотуу иштери башталды. Анын бийиктиги 27 метр болот (фото)

Борбор калаада Жаңы жылдык негизги балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 27 метрди, ал эми диаметри 12 метрди түзөт.

"Быйылкы балатыны жасалгалоо концепциясы Бишкек башкы архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, "Жаңы жылдык белек" деп аталмай болду. Мындан тышкары, "Ала-Тоо" аянтын дагы өзгөчө инсталляциялар, декоративдик жасалгалар менен кооздоо пландалып жатат. Жалпысынан алганда "Ала Тоо" аянты бирдиктүү жалгашууда жасалгаланат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 1-декабрда аянтта Жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери жүрүүдө. Анда "Тазалык" ишканасы менен "Бишкек светтин" жумушчулары иштешүүдө. Жумушчулардын айтымында, балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери бир жуманын ичинде соңуна чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
yrmat88
2019-12-01 17:37:51
Эн жакшы.
+1
Kyrgyz-jigit.com
2019-12-01 17:45:00
азыр эми дагы чыгышат бей бечараларга жардам бербейби деп, бул кичинекей бобоктор учун, алар бул кунду жылдап кутушот. Балдар учун чыгым болсо болсун керексиз нерсеге жумшалып же болбосо уурдалып деле жатпайбы!
+1
Kairat1996
2019-12-01 19:10:52
Kyrgyz-jigit.com,
Бей бечаларга Раиммилоион жардам берсин.
+2
allia
2019-12-01 18:18:26
Эми Ошко балаты тургузушат экенда мындан бир аз бийик кылып
+5
Dembele84
2019-12-01 18:33:51
Ошто дайыма Бишкектен бийик балаты жасачу,анда Ошто 30метр болот го дейм
+3
Kairat1996
2019-12-01 19:11:11
Жаны жылынар менен.
+2
Wibee
2019-12-01 20:05:36
Искей [moderated] жаны жылга бир ай барго дагы орустар 2.3 кун калганда эле койушат экен булар небалаа жеш керек экен максат
-6
suban78
2019-12-01 22:44:20
Келе жаткан жаны жылынар менен урматту Кыргызстандыктар.
Анан бир чон сураныч да, коккууй жаны жыл биздин майрам эмес дегендер майрамдабай эле койгула, бирок майрамдап жаткандарга тийишпегилечи айланайындар. Биз кичинебизде кандай чыдамсыздык менен кутчу элек жаны жылды. Мектепте бал болот деп даярданганыбызчы. Жаны жылда адамдар жакшылыкты кутушот да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан