Башкы прокуратуранын эски имараты бузула турганын Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулова да билдирди. “Имарат комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп, колдонууга жарабай тургандыгы маалым болду. Ал бузулушу керек. Бирок качан бузула турганы азырынча белгисиз”,- деди Өмүркулов. Аталган имарат 2010-жылы 7-Апрель окуясы учурунда өрттөлүп кеткен болчу.