Бүгүн, 15-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III cаммитинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл жолугушту. Анда президент Алмазбек Атамбаев азырынча кеңеште 4 мамлекет экендигин билдирди. "Мындан ары дагы башка түрк тилдүү мамлекеттер биздин катарды толуктайт деп ойлойм”,- деди өлкө башчы. Ал эми Түркиянын президенти Абдулла Гүл саммиттеги мурунку жылдардагы кабыл алынган макулдашууларды бекемдөө зарыл экендигин белгиледи. Белгилей кетсек, алгачкы саммит 2011-жылы Казакстанда болсо, 2-саммит 2012-жылы Кыргызстанда өткөн.