Биз социалдык тармакта

Депутаттар улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салуу чарасын сунуштап жатышат

Улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салуу чарасы сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде айтылды.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Мындай салт көптөгөн башка өлкөлөрдө деле бар.

Өкмөт мыйзам долбооруна карата каршы корутунду бергени белгилүү болду. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт.

Байбакпаев кыргыздын ак калпагын итке кийгизип мазактаган адамдар бар, коомчулук аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын айтты. Муну депутат Алмазбек Токторов да колдоду. Анын пикиринде, мыйзам долбоору башка жарандардын укугун чектебейт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо таап, жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Absamat-90
2019-12-02 16:32:42
Жакшы мыйзам, улуттук баалуулуктарды сактоо керек.
+2
gute
2019-12-02 16:45:21
Менимче бул штрафтар аздык кылат дагы 4-5 эсе которуш керек
+5
chake
2019-12-02 17:13:47
10 миң кылыш керек
0
bond02
2019-12-02 17:37:58
Аз да бул э, 10 минден ары кылгыла.
+1
bekbol2006
2019-12-02 18:09:46
Акчасы коптор мин сом толоп койуп биздин калпакты шылдындаса болбойт, штраф ото эле аз
0
Omush94
2019-12-02 22:43:36
Айып пул аз дагы көтөрүш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан