Биз социалдык тармакта

Депутат: "Сурамжылоо жүргүзүлгөндө, жаш кыздардын насвайга берилгени жылдан жылга күчөп баратканы айтылды"

Депутат Таабалды Тиллаев бардык коомдук жайларда, мекемелерде тамеки тартууга тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Акыркы жылдары жарандарыбыз тамеки, насвай чегүүгө кызыгып, берилип жатат. Көптөгөн мамлекеттерде коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган мыйзам кабыл алынган. Биз сунуштап жаткан мыйзамдын максаты - жарандардын ден соолугуна кам көрүү. Мектептердин жанында тамекилер тартылып жатат. Сурамжылоо жүргүзүлгөндө, жаш кыздардын насвайга берилгени жылдан жылга күчөп баратканы айтылды", - дейт депутат.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде “Жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alishsapan
2019-12-02 22:26:34
Мындай сөздү бир ай мурда айтканбы же бүгүн 2 декабрда айтыбы супер инфо
0
Djumahmatov
2019-12-02 23:50:05
Тамеки кымбаттай берсе бардыгы насвайга өтүшөт
0
elchi84
2019-12-03 04:08:19
Экономиканы ойлогула урматтуу депутаттар коррупция ны токтото албагандан кийин башка ны тегеле койгула.
0
bond02
2019-12-03 09:37:52
Кыздар насвай чеккенин элестет, вообще жийиркеничтуу го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан