Нарындын Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жарым жылдан бери спирт ичимдиктери сатылбайт. Маалыматты аталган айыл өкмөттүн башчысы Надырбек Бийсеев билдирди. Бул демилге жыл башында Бийсеев тарабынан айыл тургундарына сунушталып, колдоо тапкан. Апта сайын айылдагы дүкөндөр текшерилип турат. Ал тургай айылдагы аш-тойлор да спирт ичимдигисиз өтүп жатыптыр.