Азербайжан: Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Бүгүн, 15-августта Азербайжандын Габала шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Анда мамлекет башчылары эки тараптын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин урматына бүгүн Габала шаарындагы маданият борборунда 1 саатка созулган концерт болот. Андан соң мамлекет башчылары бейформал түрдө кечки тамактанууга барышат. Ал эми 16-августта аталган саммит өтүп, бир катар документтерге кол коюулардын болушу күтүлүүдө. Саммитке Кыргызстандан катыша турган расмий делегациянын курамында президент Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана Кыргызстандын Азербайжандагы өкүлү Айжигит Буранов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан