Депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-декабрда депутат Дүйшөн Төрөкулов сурак берген. Буга чейин УКМК "Азаттыктын" иликтөөсүнө катыштыгы бар бардык адамдар суракка чакырыла турганын билдирген. "Азаттык" "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" деген иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган.