2-декабрь күнү Лейлек чек ара отрядында Тажикстандан алынып келген контрабандалык жүктүн ээлери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3 Mercedes-Benz (спринтер) автоунааларынын ээлери болгон Кыргыз жарандары Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз түрдө 3 тоннадан ашык жүзүм, курма өткөрүп баратканда кармалышкан. Айдоочулардын жанында товарды аныктоочу бир да документ болгон эмес. Контрабандалык жүктүн жалпы баасы 350 миң сомдон ашкан. Керектүү документтер түзүлгөн соң кармалгандар Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылган.