Жакында эле Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы аябай булганган шаарлардын катарына кирди.
Буга байланыштуу жаштар "Унаасыз бир күн" аталышындагы акция уюштурганы жатышат. Аталган демилгени Константин Конкин аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасы аркылуу демилгелеп чыкты.
"Келгиле, ушул шаршембиде бир күнүбүздү унаасыз өткөрүп көрөлү. Шаарыбыз өтө деле чоң эмес, чакан шаар. Бара турган жерибизге жарым саатта жете алабыз же коомдук транспорт бар. Жыйынтыгында бул кадамыбыз канчалык деңгээлде экологиябызга таасирин тийгизе ала турганын көрөбүз", - деген ал.
Бул демилгени айдоочулар колдойбу? SUPER.KG порталы бул тууралуу алардын пикирин укту.