Биз социалдык тармакта

Шамалдан улам Бишкектин абасы 34 эсе тазарды

Бүгүн, 4-декабрда шамалдан улам Бишкек шаарында аба тазарды. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын 3-4-декабрында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы 15 метр/секундага жетти.

"Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалган.

CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 5 мкг/м3)

NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 400 мкг/м3)

NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 85 мкг/м3)

SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 500 мкг/м3)

PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 160 мкг/м3)

Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.

Эгерде ноябрдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсеге азайды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Appasition
2019-12-04 11:54:04
Шамал бат баттан болуп турсун
+1
KAYRATBEK
2019-12-04 14:22:47
Окмот Аллах Тааладан шамалды тиленгиле эми.
+5
Tynar1213
2019-12-04 16:03:01
Аллах кааласа шамалды себеп кылып абаны тазалайт кааласа шамалды себеп кылып шаарды талкалайт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан