Депутат Алмазбек Токторов "Кыргызпочтасы" ишканасынын кызматкерлерин кыскартуунун кажети жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыр “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады, алардын дагы билдирүүлөрүн жеткирүү милдети турат. Ишкананын кызмат көрсөтүү көлөмү өстү. Анын штат бирдиктерин кыскартпай, тескерисинче штатын да, маянасын да көбөйтүү керек. Социалдык фонд пенсионерлердин эсебинен жашаган мекеме, ал келерки жылы 42 адамды кыскартса, “Кыргызпочтасы” 1400 адамды кыскартат экен”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.