Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда мектеп окуучулары арасында топтошуп мушташууларын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунун айылдарында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Түшүндүрүү иштери мектеп окуучулары арасында топтошуп мушташуулардын жана түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, иш-чараларды участкалык инспекторлор, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүздү.

Мындан сырткары, Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы 16 күн акциясы башталды.

Мындай профилактикалык иш-чаралар алдыңкы күндөрү район аймагындагы башка мектептерде да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2019-12-04 19:28:31
Ээмиби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан