Декларация: "Айлыктан башка эч нерсем жок" дегендердин катарында министр Султан Раев бар
Мамлекеттик кадр кызматы жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларацияларын жарыялоодо. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев 2012-жылы 1 110 980 сом киреше тапса, мунун 640 980 сомун ал маяна катары алган. Министр үйү же батири, унаасы тууралуу маалымат берген эмес. Раевдин жакындары былтыр 450 000 сом киреше табышса, 72 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйгө, 2002-жылы чыгарылган Тойота Ленд Крузер 100 унаасына ээлик кылышат.