Бүгүн, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммити болот. Саммитти президент Алмазбек Атамбаев ачып, сөз сүйлөйт. Андан соң Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын мамлекет башчылары сөз сүйлөшөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Халил Акынжынын жылдык отчёту угулуп, кийинки саммитти өткөрүү убагы жана орду такталат. Башка маселелер каралган соң, 2 документке кол коюлмакчы. Алар: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү тууралуу чечим жана 3-саммиттин декларациясы.