Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөдөн улам чыккан чыр боюнча "шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деп билдирген. Ал мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатканда айткан.
Отунбаева бүгүн, 4-декабрда BBC радиосунун кыргыз кызматына берген маегинде жогорудагы айткандары боюнча түшүндүрмө берди.
"Мен абдан орчундуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул бүт дүйнөдөгү маанилүү маселелердин бири. Кыргыз өлкөсүндө калктын 65 пайыздан ашууну айылда жашайт. Мен азыркы заманда бизге өзгөрүү керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Көп нерсени окугам, билем дагы. Мен илимдин кандидатымын. Бул жерде түшүнбөстүк орун алды. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен дайыма айылдыктарды жактап, алардын таламын талашып эле келе жатам", - деген ал.
