Биз социалдык тармакта

Чүйдө 5-класстын окуучусу өз үйүндө асынып алды

Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Анда өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум 2008-жылы туулган К.Н. аттуу жаран экендигин аныкташкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда моюнундагы жиптен башка жаракаттар аныкталган эмес. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Маркум Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класста окучу жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saiit
2019-12-05 17:34:04
Жаткан жерин жайлуу болсун!! Ушунун олумунодо мааламат каражаттары куноолуу ар куну жаман журокту кейиткен жанылыктарды айта берет асынып алыптыр тигндей болуптур деп вот мааламат каражаттары силерден укан коргон жаштар эмнелерге барып жатпт!! Биз 11 жашта ойундан башыбыз чыкпаган ойунга тойбогон убак болчу чанга буланып кайгы мунду билбет элек бироо асынып олуптур бироону биро зордуктаптыр деген урой учурган кабар укпайт элек!! Ата Энесине терен кайгыруу менен конул айтам°
+1
Kuba-savai87
2019-12-05 22:46:43
Каааап жаман эле болуптур да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан