Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү ИИМ органдарынын ишинин негизги багыттарынан болуп санала турганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"2019-жылдын өткөн 10 айында кылмыштардын бирдиктүү тизмесине 126 миң кылмыш катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп, ошондой эле өзгөчө оор кылмыштардын санынын өскөнү да байкалууда. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү катталган. Быйыл 136 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү камакка алынды. Мурдатан издөөдө жүргөн 13 уюшкан топтун мүчөсү кармалды", - деди ал