“21-кылым түрк тилдүү элдердин кылымы болушу керек”,- деди бүгүн, 16-августта Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Габала шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде. Алиев түрк тилдүү элдер бирдиктүү болушу керектигине токтолду. “Биздин өлкөнүн жашоочулары бири-бири менен кенен кызматташуусу керек. Бизди баалуу мурас болгон тилибиз бириктирип турат. Эл аралык деңгээлде бири-бирибизди колдоп турушубуз зарыл”,- деди Алиев.